10:49
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Акы төлөп унаа айнегин күңүрттөө жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө кодексине», «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине») өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзамдын максаты — республикалык бюджетке салыктык эмес келип түшүүлөрдү көбөйтүү жана акы төлөө негизинде транспорт каражаттарынын ээлерине транспорт каражатынын алдыңкы эшиктердин каптал айнектерин күңүрттөөгө мыйзамдуу түрдө уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Башкача айтканда тартип бузуу, кылмыштуулуктун санын азайтуу менен бирге бюджетке түшчү акча каражатынын көлөмүн көбөйтүү болуп саналат.

Мыйзамга ылайык, транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүүгө ыйгарым укуктуу өкүлдүн уруксаты жок айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктеринин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде колдо жасалган, өнөр жайда даярдалган, же болбосо аларга тартылган пардалары же айнектеринде чагылышкан күңүрттөтүүчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруу — жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга — 400 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Алымдын өлчөмү жана төлөө тартиби министрлер кабинетинин чечими менен аныкталат.

Эң көп окулган жаңылыктар