21:36
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бир айда эттин баасы 17,5 сомго кымбаттады

Июль айында уйдун эти 17,5 сомго. же 3,5 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Маалыматка караганда, июндун аягында эттин баасы 499,94 сомду түзүп, июлда 517,49 сомго кымбаттады. Баарынан эт Ноокатта 9,45 пайызга өскөн. Ал эми Кербен айылында 2 сомго арзандаган.

Учурда уйдун эти айрыкча Нарында кымбат (546,17 сом), Бишкекте (530 сом) жана Балыкчыда (522,84 сом).

Эң арзан эт Покровка айылында (440 сом), Исфанада (450 сом) жана Токтогулда (450 сом).

Эң көп окулган жаңылыктар