17:40
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жумуш менен камсыз болгондордун саны 4 пайызга көбөйдү

2021 - жылы Кыргызстанда жумушка жарамдуу жарандардын саны 2,7 миллионго жакын адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Өлкөдө ишке жарамдуу калктын бөлүгүнүн 2,5 миллиондон ашыгы иштейт, 142 миңден ашыгы жумушсуз.

2021 жылы 2020 - жылга салыштырмалуу иштеген калктын саны 4 пайызга көбөйүп, ошол эле убакытта жумушсуздардын саны 5 пайызга азайган. 

965 миң аял жана 1,6 миллион эркек жумуш менен камсыз болгон. 

2021 – жылы калктын иш менен камсыздуулук деңгээли 57 пайызды түздү, бул 2020-ж. салыштырмалуу 0,5 пайыздык пунктка көп.

Эркектердин арасында иш менен камсыздуулук деңгээли (72,5 пайыз) аялдарга караганда (42,4 пайызга) жогору.

Жумушсуздуктун деңгээли 5,3 пайызды түзүп 2020-ж. салыштырмалуу 0,5 пайыздык пунктка төмөндөдү.

Эң көп окулган жаңылыктар