12:28
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өлкө аймагында катталган жумушсуздардын саны 83,3 миң кишини түздү

Ушул жылдын 1-ноябрына карата өлкө аймагында катталган жумушсуздардын саны 83,3 миң кишини түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,9 пайызга көп.

Калкты иш менен камсыздандыруу кызматы органдарына иш издеп кайрылгандардын саны 102,9 миң кишини түзгөн. Былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүч 12,1 пайызга өскөн.

Жумушсуздардын 48,6 пайызын аялдар түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар