11:38
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө 470 миллиондон ашуун киши жумушсуз жүрөт

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө 470 миллиондон ашуун киши жумушсуз жүрөт. Бул тууралуу AFP Эл аралык эмгек уюмуна шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, дүйнөдө жумушсуздуктун деңгээли өткөн 10 жыл аралыгында салыштырмалуу туруктуу сакталды.

Уюмдан билдиришкендей, акырын басаңдап жаткан экономиканын айынан жумуш орундары кыскарып, ишсиздердин саны дагы өсүшү мүмкүн.

2019-жылы 630 миллион киши күнүнө 3,2 доллардан кем алып, жумуш кедейи болуп жашашкан.

Докладда жазылгандай, дүйнөлүк жумушчу күчүнүн 60 пайыздан ашууну учурда формалдуу эмес экономикада эмгектенип, социалдык коргоого алынбастан акталбаган айлык алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар