03:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Улуттук банк каржы базарынан 5,4 млн доллар сатып алды

Улуттук банк 30-мартта акча алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында 5,4 млн. долларды сатып алуу боюнча интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы каржы мекемесинин маалыматына ылайык, валюталардын курсунун динамикасы ички валюта рыногундагы суроо—талаптын жана сунуштун балансынын негизинде аныкталат.

Кыргызстанда доллардын арзандоосу уланууда. Соңку бир күн ичинде анын сомго карата Улуттук банк аныктаган расмий курсу 6,73% төмөндөдү.

29-мартта расмий курс 94,2 сом деп аныкталган болсо, 30-мартка карата 87,9 сомго түштү. Ошол эле кезде евро (6,79%) менен рублдин (6,75%) сомго карата курсу дагы төмөндөгөн.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тартып кымбаттай баштаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 106 сомго жеткен.

Кыргызстанда баалар доллардын курсуна карата аныкталгандыктан негизги азык-түлүк кымбаттап кетти.

Эң көп окулган жаңылыктар