16:03
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстанда бир айда бензинге баа 11,5 пайызга кымбаттады

Республика боюнча күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене баалары бир айда 11,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалымат кызматы билдирди.

2021-жылдын 11-мартына карата абалы боюнча АИ-92 бензинине болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 42,63 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын февраль айынын ушул күнүнө салыштырмалуу 11,5 пайызга өскөнүн көрсөттү, ал эми дизель күйүүчү майынын баасы 40,87 сомду түздү же 7,2 пайызга жогорулады.

Ошол эле учурда, бензиндин чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Баткен (бир литр үчүн 47,12 сом), Исфана (бир литр үчүн 47,00 сом), Кербен (бир литр үчүн 44,37 сом), Ноокат (бир литр үчүн 43,80 сом), Ош (бир литр үчүн 43,43 сом), Кара-Суу (бир литр үчүн 43,20 сом), Өзгөн (бир литр үчүн 42,90 сом), Жалал-Абад (бир литр үчүн 43,00 сом) шаарларында байкалды, ал эми минималдуу баалар Кара-Балта шаарында (бир литр үчүн 40,83 сом), Покровка айылында (бир литр үчүн 40,90 сом) жана Нарын шаарында (бир литр үчүн 41,00 сом) катталды.

Бензиндин бааларынын эң жогору өсүшү 2021-жылдын 11-мартына карата 2021-жылдын 11-февралдын орточо чекене баасы менен салыштырмалуу Покровка айылында — 18,6 пайызга, Талас — 16,0 пайызга, Кербен — 14,4 пайызга, Баткен шаарларында — 14,1 пайызга өскөнү катталды.

Ошону менен бирге, дизель күйүүчү майына чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Баткен (бир литр үчүн 46,10 сом), Исфана (бир литр үчүн 44,98 сом), Ноокат (бир литр үчүн 42,90 сом), Ош (бир литр үчүн 41,23 сом), Кара-Суу (бир литр үчүн 41,20 сом), Кербен (бир литр үчүн 41,00 сом) шаарларында белгиленген, ал эми минималдуу баалар Нарын (бир литр үчүн 38,40 сом), Балыкчы шаарларында (бир литр үчүн 38,60 сом), ошондой эле Чаек жана Покровка айылдарында (бир литр үчүн 39,50 сом) байкалды.

Дизель күйүүчү майыдын бааларынын максималдуу өсүшү 2021-жылдын 11-мартына карата өткөн ай менен салыштырмалуу Кара-Балта — 12,8 пайызга, Баткен шаарларында — 12,5 пайызгы жана Покровка айылында — 11,3 пайызга өскөнү катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар