21:49
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Улуттук стастистика комитети: Эл каттоо качан башталары азырынча белгисиз

Эл каттоо боюнча кандайдыр бир иш-чараларды өткөрүү азырынча планда жок. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.

Эске сала кетсек, кечээ "Бишкекте медиктерди үймө-үй кыдыртып, элди каттоо алардын жумушуна кирбегендигине карабай мажбурлап жатышат», — деген маалымат тараган. Бирок, Улуттук статистика комитети бул маалыматты четке кагып, эл каттоону жана турак жай фонддорун 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин өткөрүү мерчемделип, коронавируска байланыштуу белгисиз мөөнткө жылдырылганын айтат.

«Эгерде кандайдыр бир зарыл иштериңиздер болсо Улуттук статистика комитетинен же жакынкы аймактык мамлекеттик статистика органдарынан тактап алууну өтүнөбүз», — дейт статистика кызматкерлери.

Эң көп окулган жаңылыктар