Башкы прокуратуранын алдындагы ишкерлердин, инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңеш биринчи отурумун өткөрүүдө.
Баш прокурор Курманкул Зулушевдун айтымында, Кеңештин максаты - экономикага оң жыйынтык берген бизнести коргоо.
«Ишкерлерди колдоо, алардын укугун коргоо боюнча мамлекетибизде бир жылдын ичинде көптөгөн жылыштар болду. Бирок ага карабастан мамлекеттик органдар тарабынан ишкерлерге болгон кысым же болбосо башка мыйзам бузуучулуктар акырына чейин жоюла элек», — деди Зулушев.
Жыйынга башкы прокурор, экономика министри, салык кызматынын төрагасы, бизнес акыйкатчы, бажы кызматынын жетекчиси, ишкерлер чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү катышты.