21:31
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыйноо катары бааланат. 11 журналист убактылуу жайдан тез арада которулушу керек

Кармалган 11 журналист азыркыга чейин убактылуу кармоочу жайдан которула элек. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.

Борбордон журналисттер 16-январда эле убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 17-январда аларды тергөө абагына эки айга камоо тууралуу чыгарган чечимине карабай азыркыга чейин изолятордо кармалып жатканын айтышты. Жазык-процесстик кодексине ылайык тергөө судьясынын токтому дароо мыйзамдуу күчүнө кирет жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

Кыйноолордун алдын алуу борбору ИИМдин жетекчилигине убактылуу кармоочу жайдан 11 журналистти тергөө абагына которуу маселесин тез арада чечүүнү сунуштайт.

Аталган жактарды Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу жайында же ИИМге караштуу башка жерлерде кармоо БУУнун кыйноолорго каршы Конвенциясынын 1-беренесине ылайык кыйноо катары бааланат.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор

16-январда Temirov Live долбооунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, редакциялык жабдыктар алынган. Милиция үйлөрүн тинтип, басылманын учурдагы жана мурдагы 11 кызматкерин камакка алган.

ИИМ Temirov Live жана «Айт Айт Десе» социалдык баракчаларындагы материалдарга жасалган соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында аларга каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү «Массалык башаламандыкка чакырыктар» боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. 

Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева жана Акыл Орозбеков кармалып, 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына эки айга камакка алынган. Алардын баары Temirov Live долбоорунун мурдагы же учурдагы кызматкерлери.

Эң көп окулган жаңылыктар