00:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кармалган журналисттердин туугандары ИИМдин алдына чогулуп, президентке кайрылды

Кармалган 11 журналисттин туугандары ИИМдин имаратынын алдына чогулуп, өлкө президентине кайрылышты.

Алар Садыр Жапаровдон ЖМКнын өкүлдөрүн камактан бошотууну суранышууда. Алардын айтымында, кармалгандар өз өлкөсүнүн чыныгы патриоттору.

«Социалдык тармактарда алар Батыштын акчасына байыган деген маалымат айтылып жатат, бирок бул андай эмес. Мисалы, биздин бир эле үйүбүз бар, аны дагы Орусияда мигрант болуп иштеп жүрүп алганбыз», — деди Сайпидин Султаналиевдин жубайы.

Чогулгандар туугандары үчүн тынчсызданып жатышат, анткени 10 күндөн бери алардын кандай шарттарда кармалып жатканы белгисиз.

16-январда Temirov Live долбооунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, редакциялык жабдыктар алынган. Милиция үйлөрүн тинтип, басылманын учурдагы жана мурдагы 11 кызматкерин камакка алган.

ИИМ Temirov Live жана «Айт Айт Десе» социалдык баракчаларындагы материалдарга жасалган соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында аларга каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү «Массалык башаламандыкка чакырыктар» боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.  11 журналист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагында болушат. Алардын баары Temirov Live долбоорунун мурдагы же учурдагы кызматкерлери.

Эң көп окулган жаңылыктар