06:03
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Атактуу футболчу Диего Марадона көз жумду

Футбол боюнча 1986-жылы дүйнө чемпиону болгон легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости Аргентинанын TN телеканалына таянып кабарлады.

Аргентиналык спортчу 60 жашта болчу.

30-октябрда «Химнасия жана Эсгрима» футбол клубуна башкы машыктыруучулук кылып жаткан Марадона бир катар текшерүүлөрдөн өтүү үчүн ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк анын мээсине операция жасалгандыгы кабарланган. Марадона ооруканадан 12-ноябрда чыгарылганы айтылган. Футбол адисинин акыркы жылдары басканы оорлошуп, өзүн начар сезип калган.

Эң көп окулган жаңылыктар