20:45
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков пневмониядан көз жумду

Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 51 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу парламенттин мурдагы маалымат катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Алгачкы маалымат боюнча, Канат Исаев бүгүн, 12-ноябрда дүйнө салды.

Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган. 1993-жылдан тарта ОшМУда эмгектенип, 2011-2019-жылдары окуу жайды жетектеген.

Былтыркы жылдын 11-сентябрынан тарта октябрь окуяларына чейин КР билим берүү жана илим министри болуп эмгектенген.

Исаков 2011-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Филология илимдеринин доктору, профессор. Көп сандаган монографиялардын, илимий иштердин жана публицистикалык макалалардын автору болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби