02:18
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Эрдогандын жеке дарыгери учакта өмүрүн сактаган кыргыз наристесинен кабар алды

Түркия лидери Реджеп Тайып Эрдогандын Реджеп Шекер Бишкек-Стамбул учагында жардам көрсөткөн кыргызстандык наристени ооруканадан кабар алды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Белгилей кетсек, Реджеп Шекер 19-март күнү Бишкек-Стамбул аба каттамында учуп бара жатып, жүрөгү сокпой калган кыргызстандык жарандын наристесин жасалма дем алдыруу жолу менен кайра өзүнө келтирген. Учак шашылыш Анкара шаарындагы аэропортко конуп, эне баласы менен тез жардам кызматына өткөрүлүп берген. Кыргыз жараны Стамбулган эки эгиз баласы менен учуп бара жаткан.

«Энеси түрк дагы, англис дагы тилинде сүйлөбөгөндүктөн баланын эмне болгонун биле албадым», — дейт ал.

Кечээ Реджеп Шекер Эрдан жана Нурдан аттуу эгиздер жана анын энеси менен жолукту. Алар азыр Түркиянын «Кызыл жарым ай» коомунда кармалууда. Дарыгердин айтымында, баланын көзү ооруйт.

 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума