03:20
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Учурда күч алган сасык тумоо ноября-декабрь айларына чейин уланат

Учурда күч алган сасык тумоо ноября-декабрь айларына чейин уланат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Султан Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, сасык тумоо күн суутушу менен башталат.

Жыл башынан бери 4 миң 974 адам сезондук суук тийүүгө, 100 миң адам сасык тумоого кабылды. Ооругандардын 94 пайызы балдар.

«Сасык тумоонун түрүн аныктап турабыз. Азыр аденовирус жана парагрипп дагы болуп жатат», — дейт ал.

Султан Абдыкадыровдун айтымында, 2020-жылы карантиндик талаптар күч болгондуктан сасык тумоо дээрлик катталган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума