18:10
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Аба ырайы кескин өзгөрөт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Аптанын алдыдагы күндөрүндө өлкө боюнча аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Республиканын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан жаайт. 22-октябрь күнү Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат. Карагайлар менен зымдарга муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

22-23-октябрь күндөрү жана 24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −3...+2, күндүз 1...6 градус жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн −1...-6, күндүз 0...5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн −2...+3, күндүз 4...9 градус болот. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн −1...-6, күндүз 1...6, Нарында түнкүсүн −4...-9, күндүз 0...5 градус болору күтүлүп жатат.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Эң көп окулган жаңылыктар