USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Чукул билдирүү. Жаан жаап, карга айланат

17:05, 19 октября 2021, Бишкек - 24.kg
21-октябрда күндүз жана 22-23-октябрь күндөрү аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
 
22-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 22-23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан болот.
 
Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 22-23-24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2°, күндүз 1…6° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…+3°, күндүз 4…9° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.
 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика