20:10
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сузакта этке ууланган 70тей адам ооруканага кайрылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тамак-ашка ууланган 70тей тургун ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бек-Абаддагы ооруканага бейтаптар 11-октябрдын түнүнөн тартып кайрыла баштаган.

Учурда ооруканада 14 бейтап дарыланууда. Алардын төртөө жаш бала, арасында кош бойлуу аял да бар.

Бейтаптар өзүлөрү жылкы этинен ууланышы мүмкүндүгүн айтууда. Маалым болгондой, 10-октябрда Бек-Абад айылында той өткөн. Анда жылкы союлган. Уулануунун себеби лабораториялык жол менен азырынча аныктала элек.

Эң көп окулган жаңылыктар