19:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

1 кг сабиз — 100 сом. Айыл-чарба министрлиги себебин түшүндүрдү

Кыргызстанда сабиз экспортко көп жөнөтүлүп жаткандыктан наркы кескин көтөрүлдү. Бул тууралуу маалымат жыйында айыл чарба министринин орун басары Илим Марсбек уулу билдирди.

Анын айтымында, сабиздин экспорту 2,5 эсеге көбөйдү.

«Эгер 2020-жылдын беш айында 13 миң тонна сабиз экспорттосок, быйыл 31 тоннага жетти. Өлкөдө сабиздин көлөмү азайып баа кымбаттады. Жаңы түшүм июль айынын башында даяр болот», — дейт ал.

Белгилей кетсек, акыркы жумада сабиздин бир килограммы 40 сомдон 100 сомго чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар