05:28
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

«Айыл чарбасын каржылоо — 6». Жалпы суммасы 5,4 миллиард сомго насыя берилген

«Айыл чарбасын каржылоо — 6» Мамлекеттик программанын алкагында 11 246 айыл чарба өндүрүүчүлөргө жалпы суммасы 5,4 миллиард сомго насыя берилген. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Насыялар жеңилдетилген пайыздык чендер менен: өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылык үчүн — 10%, кайра иштетүү үчүн — 6%, багбанчылык жана асыл тукум мал чарбачылыгына — жылына 8% менен берилет.

Данияр Иманалиевдин айтымында, айыл жерлеринде ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча суу менен камсыз кылуу системаларын куруу иштерин 43 айылда бүтүрүү пландаштырылууда.

«4 ирригациялык каналдарды куруу иштери аяктады, ушуга байланыштуу сугат жерлеринин аянты 8 миң гектарга көбөйөт», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар