23:22
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Айыл чарбаны каржылоо-7». 9 миң 823 жеңилдетилген насыя берилди

Ушул жылдын 6-сентябрына карата «Айыл чарбаны каржылоо-7» долбоорун ишке ашыруунун алкагында, 4 миллиард 854,5 миллион сомго 9 миң 823 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка таянсак, өсүмдүк өстүрүүчүлүккө 1 миллиард 96,4 миллион сомго 2 миң 793 жеңилдетилген насыя, мал чарбачылыкка — 2 миллиард 606,3 миллион сомго 6 миң 737 жеңилдетилген насыя, кайра иштетүүгө жана айыл чарбасындагы кызмат көрсөтүүлөргө — 1 миллиард 151,7 миллион сомго 293 жеңилдетилген насыя берилди.

Долбоордун алкагында 2019-жылдын ичинде коммерциялык банктардын жана финансылык-кредиттик мекемелердин финансылык каражаттары өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыкты жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн, ишкердик субъекттерге жана жеке жактарга жеңилдетилген пайыздык чен (жылына 6, 8 жана 10 пайыз) менен берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар