13:18
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Жогорку Кеңешке — 2021. Мандат үчүн айыгышкан талаш күтүлүүдө

Октябрь айында Жогорку Кеңешке кайра шайлоо күтүлөт. Бул жолу тандоо 11-апрелде кабыл алынган Конституцияга ылайык өтөт.

Азырынча парламенттин кезектеги чакырылышынын депутаттарын шайлоо жолу так эмес. Учурда анын жол-жобосун бекиткен үч долбоор иштелип чыкты: пропорционалдык тутум менен добуш берүү, бир мандатуу жана партиялардын ачык тизмеси менен шайлануу, можаритардык-пропорционалдык жол.

Белгилүү болгондой, президенттин администрациясы можаритардык -пропорционалдык ыкманы тандап алды. Ал жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.

Талдоочулар октябрда шайлоодо партиялар, талапкерлер жана финансалык ресурстар арасында күчтүү күрөш жүрөрүн белгилейт. Жаңы парламентке келүү үчүн көпчүлүк саясый уюмдар болгон мүмкүнчүлүгүн жумшары анык.

Добуш сатып алууга каршы чаралар

Жаңы Конституция боюнча депутаттардын саны 90ду түзөт. Эгер шайлоо бир мандаттуу жол менен өтсө, анда 35 эл өкүлү аймактардан шайланат. Калган орундарды партиянын талапкерлери ээлешет. Партиялык мандатка чектөө жок. Баш мыйзамдын мурдакы редакциясында бир партия 65тен ашык мандат ала албастыгыны белгиленген болчу. Бул жобо парламентти бир партиянын ээлеп алышына каршы киргизилген.

Шайлоо босогосу 7 пайыздан 3кө чейин, күрөө 5 миллиондон 1 миллионго чейин азайды. Бир мандаттуу аймактардан аттангандар 100 миң сом күрөө беришет.

Айтмакчы бир мандаттуу округдарга партиянын талапкерлери дагы катыша алышат. Өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер 1 миң кол топтошу зарыл.

Эгер бир мандатуу округдан шайланган депутат өз ыйгарым укуктарынан баш тарса, анын ордуна эки ай ичинде кайра шайлоо өтөт.

Үгүт иштерин бузууга шектелген талапкерлер кайра шайлооо жарыяланып калса катыша албайт.

Шайлоо боюнча мыйзамда көп кабаттуу үйлөрдүн жетекчилерине жана көчө башчыларына үгүттөөгө тыюу салынат. Ал эми шайлоого аттанган аткаминер ыйгарым укуктарын убактылуу гана токтотуп койбостон биротоло отставкага кетет.

Депутат Дастан Бекешовдун айтымында, бул талап административдик ресурсту колдонууга каршы жакшы чара.

Талапкерлер өз кирешелери, мүлкү жана туугандарынын декларациясынын көчүрмөсүн тапшырышы шарт.

Өзгөрүүсүз эрежелер

Аймактан топтогон добуштардын босого баллы өзгөрүүсүз (0,7 пайыз)калды.

Шайлоого катышкан партиялардын тизмесинде 55ден кем эмес талапкер болушу шарт. Аларга төмөнкү талапкер коюлган:

  • тизмеде бир жыныстагы талапкерлердин саны 70 пайыздан ашпашы шарт. Алар тизмеде ар бир үчүнчү орунда алмашып турушу зарыл;
  • талапкерлердин 15 пайызы 35 жашка чейин болуп, алардын үчтөн бири тизмеде алдынкы 25 орунда жайгашышы керек;
  • 15 пайызынан кем эмеси башка этностордун өкүлдөрү болуп, алардын дагы үчтөн бири алдынкы 25 орунда болушу шарт;
  • тизмеде мүмкүнчүлүгү чектелген кеминде эки талапкер кошулуп, алар дагы алдынкы 25 орунда болушу шарт.

Бир округдук аймактарга бөлүнгөн мандаттардын 15и аялдарга таандык. Бирок, мында аялдар ат салышууга катталуу үчүн кол топтоо жагынан кыйынчылыкка дуушар болушу мүмкүн. Адатта айыл жергесинде аял талапкерге колдоо азырак. Жергиликтүү кеңештердеги шайлоолордо эле аларга кысым көрсөткөн учурлар дагы катталган.

Можаритардык жол менен шайлоодо бөлүп-жарылуулар пайда болуп, уруу башчысынын пикири менен тандоо жүрүшү ыктымал.

Зайнидин Курманов.

Жаңылыгы жок жаңы демилгелер

Депутаттык мандатты эңсегендер эксперттердин сынына кошулбайт. Алардын айтымында, партия менен ат салышкандын ордуна өз алдынча катышкан үнөмдүү. Анткени партиянын тизмесинде алдынкы орундар бир топ акчага бааланары маалым. Анүстүнө мандаттар алган добушка карата бөлүнүп, мандатка жетпей калуу корукунучу дагы бар. Андыктан, можаритардык тутумду колдогон саясатчылар арбын.

«Өз алдынча шайлоо катышкан талапкерге үчүн ыңгайлуу жагдайлар бар. Мисалы ага партия тууралуу ыңгайсыз суроолор берилбейт. Көп маселелер боюнча ал өз алдынча чечим кабыл алып, убадаларды дагы каалган багытта бере алат», — дейт саясат тануучу Шерадил Бактыгулов.

Талдоочулар 6-чакырылыштын көпчүлүк депутаттары кайра эле парламентке шайланып келерин айтышууда. Себеби, алардын көпчүлүгү партиялык тизме менен шайланганы менен туулган районунда дагы колдоого ээ. Бирок ошол эле учурда мыйзам чыгаруу органын сапаты канчалык жакшырары суроо бойдон калат. Шайлоодо акча башкы ролду ойногон учурда билимдүү, адискөй талапкерлер атаандаштыкта четте калышат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү