06:17
USD 86.80
EUR 91.36
RUB 0.81

Кайра шайлоо. Бул жолу партиялар өзгөртө турган эрежелер

11-июль күнү Бишкек, Ош жана Токмок шаарында кайра шайлоо өтөт. Боршайком чыгымдарды жана күндөрүн белгиледи. Ага 48 миллион 344 миң сом коротулат. Кайра шайлоодо демөөрчүлөр жардам беришпейт, андыктан оорчулуктун баары бюджетке жүктөлөт.

Башкы жол-жобо өзгөргөн жок

Азырынча үч шаарда шайлоого катыша турган партиялардын саны толук тактала элек. Саясый уюмдар 13-июнга чейин арызын бере алышат. Мыйзамда шайлоого катышуучулардын санына жана калоосуна чектөө жок. Апрелдеги өнөктүктө күчүн сынаган партиялар дагы, жаңылар дагы катыша алышат. Күрөшкө добуш сатып алууга, үгүт эрежелерин бузууга айыпталган талапкерлер гана катыша албайт.

Юристтердин айтымында, айрым талапкерлерге бөгөт коюу мыйзамсыз. Анткени, алардын айыбын сот гана тактап, чечим чыгара алат. 11-апрелден кийин соттун чечими менен шайлоодон четтетилген партиялар жана талапкерлер жок.

Гүлнара Журабаеванын айтымында, Боршайком Токмок шаарында жапырт бир дарекке каттоого тургузуу фактыларын иликтөөнү талап кылат.

Эскерте кетсек, Токмок шаарында бир дарекке ондогон жарандар шайлоо алдында катталган учурлар байкалган. Алардын айрымдары дарегин өзгөртүү боюнча арыз жазбаганын билдиришкен. Учурда Мамлекеттик каттоо кызматына дарегин өзгөртүү боюнча берилген арыздар текшерилүүдө.

Бишкек жана Ош шаарларында «Эмгек», «Ак Бата», «Ата Журт Кыргызстан» жана КЭДП (НДПК) партияларынын добуш сатып алууга айыпталган талапкерлерине эч кандай айып тагылган жок. Тергөө иши кылмыштын курамы жок болгондуктан токтоп турат. Бишкек менен Оштун аймактык шайлоо комиссиялары жыйынтыгын күтүүдө. Анткени, алар шектелген талапкерлерди тизмеден чыгаруу керек. Жөн эле чийип салбай себебин дагы түшүндүрүшү маанилүү.

Партиялар талапкерлердин тизмесин кайра түзүп, шайлоо күрөөсүн дагы төгөт. Эгер 13-июнга чейин банкка акча которулбаса партия катталбайт.

Бишкек менен Ош үчүн күрөө баасы — 50 миң сом, Токмокко 20 миң сом. Шайлоочулардын 15 пайызын добушун алган партиялар гана акчасын кайтарып ала алат.

Айтмакчы, апрель айында шайлоого катышкан үч шаардагы партияларга акча кайтарылып берилбейт.

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова БШКнын бул чечимин мыйзамсыз деп таап, Бишкек аймактык комиссиясын сотко берерин жарыялаган.

«Парламенттик шайлоодо дагы ушундай окуя болду. Боршайком ал шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, 5 миллион сомдук күрөө акчаны кайтарып берген жок», — дейт ал.

2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңешке өткөн шайлоодо 80 миллион сом топтолуп, аны парламент кабыл алган мыйзамга карабай БШК кайтарып берген жок.

«Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылса күрөөнү кайтарып бербөө боюнча эч кандай норма жок», — дейт Бишкек шаардык аймактык комиссиянын жетекчиси Кайрат Маматов.

Кайра шайлоого даярдык жай

Кайра шайлоого катышууга партиялар анчейин ашыкпай турушат. Талдоочулардын айтымында, партиялар күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого ресурстарын топтоодо.

Шерадил Бактыгуловдун айтымында, апрелде жакшы жыйынтык көрсөткөн партиялар кайра шайлоого катышпайт. Алар Жогорку Кеңешке кам көрүшүүдө.

Бишкекте 13 партия шайлоого катышууга даярданып жатат: Мигранттардын партиясы, «Жаңы мезгил», «Өнүгүү — Прогресс», «Ынтымак», «Замандаш», «Кыргызстандын социал-демократтары», «Ата Журт Кыргызстан», «Ынтымак», «Келечек-Будущее», «Биздин Кыргызстан», «Эмгек», КЭДП, Жашылдар партиясы, «Туран» жана «Биздин эл».

Белгилей кетсек, «Биздин эл» партиясында бул жолу жаш активисттер жок, башкалар жетектеп барары айтылды.

Ошто «Ынтымак» жана «Биздин Кыргызстан», Токмокто — «Эл биримдиги» менен «Эмгек» документтерин тапшырды.

Боршайком бул жолу саясый уюмдар так болуп, добуш сатып алууга барышпайт деген ниетте. Анткени, үчүнчү жолу шайлооо өткөрүүгө бюджеттин чамасы чектелүү.

Добуш сатпоого баары чакырат: президент, депутаттар, Боршайком, өкмөт. Бирок, партиялар андан баш тарта алабы?

Талапкерлер өз аймагында көбүрөөк колдоого ээ болуу үчүн кайра эле бир дарекке 250 кишини каттай баштабайт деген кепилдик жок. Көчө жана үйлөрдүн башчылары кошуналарын коркутуп добуш топтобой, мамлекеттик кызматкерлерге кысым болбосо кандай сонун болмок.

Талдоочулардын айтымында, добуш сатууга эл дагы көнүп калган. Талапкерлер менен жолугушууда ачык эле соодалашкан учурлар кездешет. Андыктан добуш сатып алууга шектелген талапкерлерди дароо жоопко тартып, шайлоочуну айыпка жыкмайын маселе чечилбейт.

Эң көп окулган жаңылыктар