21:32
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдор Мелис Аспековду сотко беришти

Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдор активист Мелис Аспековду сотко беришти. Бул тууралуу экс-президенттин юристти билдирди.

Анын айтымында, Жээнбековдор ар-намысын коргоо талабы менен сотко кайрылышты.

Алар активист Мелис Аспековдон жалган маалыматты таркатканы үчүн 1 миллион сом талап кылууда.

«Алдамчылыкка айыпталып жаткан Мелис Аспеков Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясын Сооронбай Жээнбеков каржылаганын айтып чыкты. Бул калп. Мелис Аспековду сот күнөөлүү деп тапса, акча балдар үйүнө которулат», — дейт жактоочу.

Эскерте кетсек, алдамчылыкка айыпталган Мелис Аспеков Садыр Жапаров үгүт иштерин Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алганын кабарлаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума