07:58
USD 84.71
EUR 102.58
RUB 1.17

Ачык тизме менен шайлоо. Бул партия менен шайлоочуга кандай жардам берет?

11-апрелде кабыл алынып, 5-майда кол коюлган Конституциянын жаңы долбоору күчүнө кирди. Ага ылайык эми өлкөнүн мыйзамдык базаларына өзгөртүү киргизилет.

Шайлоо боюнча мыйзамдарды дагы толуктоолор күтүлөт. Учурда Жогорку Кеңеште партиялардын тизмесин ачыктап добуш берүү сунушталууда. Демилгенин оң жана терс жактарын 24.kg агенттиги талдап көрдү.

Парламенттин депутаттарынан жаңы сунуш

Преференционалдык жол менен добуш берүүдө партиялардын талапкерлеринин тизмеси ачык жарыяланып, добуш берүү бюллютенине киргизилет. Шайлоочу алгач партияга, андан кийин өзү тандаган талапкерге добушун берип, анын аты-жөнүнүн жанына белги коет. Шайлоонун жыйынытыгында 3 пайыздык чекти өткөн партиялар, андан кийин ар бир талапкердин алган добушу эсептелип, ошого жараша мандат берилет.

Мында шайлоочулардын дагы тандоо эркиндиги бар. Кааласаңыз партияны гана белгилеп, талапкерлер үчүн өзүнчө добуш бербесе дагы болот.

Демилгечилердин пикиринде, мындай жол менен добуш берүүдө Жогорку Кеңешке эл арасында колдоосу бар гана талапкерлер өтөт. Андан сырткары, талапкерлердин дагы жоопкерчилиги артат.

«Азыр партиялардын тизмеси жабык. Көпчүлүк шайлоочулар партияларга ишеними жок болгондуктан добуш берүүгө катышпайт. Алар саясый уюмга эмес, талапкерлерге добуш бергиси келет. Преференционалдык ыкма Европа өлкөлөрүндө колдонулат», — дейт Алтынбек Сулайманов.

Талдоочулардын айтымында, катардагы шайлоочу партия утуп чыккандан кийин анын мандат бөлүштүүрүсүнө таасир бере албайт. Шайлоо алдындагы тизмени кайра карап чыгуу коррупцияга жол ачып, парламентке элде колдоосу жок адамдардын келүүсүнө шарт түзүүдө.

Алтынбек Сулайманов.

Ошол эле учурда айрым саясатчылар ачык тизме менен добуш берүүдө гендердик жана жаштардын квотасы сакталбай калышына кабатырланат. Жаш саясатчылардын белгилүү инсандарга салыштырмалуу колдоосу азыраак. Аялдардын дагы эркектерге караганда мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Андыктан алардын атаандаштыкка туруштук бере албай, Жогорку Кеңешке өтө албай калышы толук мүмкүн. Мындай болгондо парламентте жаштар жана аялдардын саны кескин кыскарышы мүмкүн.

«Учурда соцтармактын дагы өзүнүн лидерлери бар. Аларга азыр парламентке келүүгө жол ачылууда. Жаштарга умтулууга жол ачык», — дейт Алтынбек Сулайманов.

Саясат тануучу Шерадил Бактыгуловдун айтымында, ачык тизмеге карабай, мандатты бөлүштүрүүнү партия лидери чечет.

«Ачык тизме партиянын ичиндеги диктатурага бөгөт коет. Так ушул ички цензура жана басым биздин партиялардын өнүгүүсүнө жолтооо болууда», — дейт ал.

Коомдун каймактары шайланабы?

Профессор Зайнидин Курманов шайлоо жолун өзгөртүүдөн мурда партия лидерлерин деги эле саясый уюмдун түзүмүн жана максатын аныктап билип алууга чакырат.

«Ооба бүгүнкү партиялар мыйзам талабына жооп берет: уставы бар, каттоодон өткөн, 10дой туруктуу мүчөсү бар. Бирок, иш жүзүндө алар партия эмес», — дейт Зайнидин Курманов.

Кыргызстандагы партиялар — бул лидерлердин тууган-уругу, достору топтолуп, анын гана кызыкчылыгына иштеген уюм.

Зайнидин Курманов.
Зайнидин Курманов эл идеология эмес, туурган урук жана акча үчүн добуш берерин белгилейт.

Талдоочулар партиялар мыктыларды гана тизмеге киргизип, шайлоодо аларды сүрөп чыгышы керектигин айтышат. Ошондо гана парламенттин курамын жаңыртып, сапатын көтөрүүгө болот.

Бирок, преференционалдык жол менен добуш берүү канчалык кырдаалды өзгөртөөрү азырынча белгисиз. Себеби, талапкерлердин арасында атаандаштык күчөп, кайра эле добуш сатып алуулар кол алынышы мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар