21:31
USD 84.74
EUR 103.06
RUB 1.14

Референдумга ишеним. Жыл өткөн сайын шайлоого катышуучулардын саны азаюуда

11-апрелде өткөн Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга шайлоочулардын 37,07 пайызы гана катышып, өлкөнүн жашоо-турмушун жана багытын 1 миллионго жакын киши чечти.

24.kg агенттиги Кыргызстанда болуп өткөн референдумдарга элдин ишенимин анализдеп көрдү.

Референдумга ишеним жок

Референдумду Кыргызстан суверинитет алгандан бери активдүү өткөрүп келет. 1991-жылдан бери он жолу өтүптүр. Атүгүл бир жылда эки бүткүл элдик добуш берүү болгон учурлар дагы кездешет. Мисалы, 1994үнчү жана 2021-жылдары эки жолу өткөн.

Бийлик референдумду көбүнчө Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн колдонот.

Бирок, жыл өткөн сайын жарандардын референдумга кызыгуусу төмөндөөдө.

Акыркы 20 жылда шайлоонун бул түрүнө катышууда жарандардын активдүүлүгү 2,5 эсеге түштү.

Өлкөдө өткөн биринчи референдумга шайлоочулардын 100 пайызы катышкан. 2021-жылдын апрель айындагы иш-чарага шайлоочулардын үчтөн бири гана келди.

2010-жылга чейин референдумга катышуу 80 пайыздан жогору болуп турду. 2010-жылдын июнь айында 72,25 пайызда, төрт жылдан кийин 1,7 эсеге, же 42 пайызга азайды.

Көпчүлүк добуш чечет

Акыркы жылдары референдум аркылуу өзгөртүүлөргө каршы чыккан жарандардын саны өсүүдө. Мындай көрүнүш эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары дагы бар болчу.

1994-жылдын октябрь айында референдумга эки суроо коюлган: «Референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү киргизүү чечимин колдойсузбу?», «Эки палаталуу парламентти киргизүүгө макулсузбу?».

Эки палаталуу парламентке 15,57 пайыз каршы добуш берилген. Бул референдумдун тарыхындагы эң көп каршы добуш алган учур.

Алгачкы референдумдар бийлик тарабынан колдоого алынган сунуштар көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.

1998-жылы Конституцияга сунушталган өзгөртүү 98,6 пайыз менен, Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн узартуу чечими 96,26 пайыз менен өтүп кеткен.

Мындай бир азыраак көрсөткүч 2016-жылы катталды. Анда баш мыйзам өзгөртүүнү добуш бергендердин 80,46 пайызы, 2021-жылы 79,37 пайызы колдоду.

Шайлоочулардын 30 пайызы чечүүчү роль ойнойт

Мурда референдумга азыркыга салыштырмалуу катаал талаптар коюлган эле. Шайлоочулардын 50 пайызы добуш берүүгө катышса гана иш чара өттү деп эсептелмек. 2016-жылы конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизилип, босого азайтылды.

Акыркы беш жылдан бери шайлоочулардын 30 пайызы катышса референдум өттү деп таанылат.

Акыркы эки референдумга Ысык-Көл жана Чүй облусунун тургундары активдүү катышты. Башкаруу формасын тандооодо Бишкек шаары боюнча парламенттикке ыктагандар көп болгону менен баары бир өлкө боюнча президенттик өттү.

11-апрелдеги референдумга шайлоочулардын эң аз пайызы катышты. Өлкө тарыхында жарандар мынчалык кайдыгерлик көрсөткөн добуш берүү өткөн эмес. Саат 18.00дөгү жыйынтыктарда референдумга катышкандардын саны 30 пайызга жетпей жаткан. Акыркы эки саатта гана шайлоочулардын саны көбөйүп, ченемден өттү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын тургундарынын үчтөн бир бөлүгү, Чүй облусундагылардын бештен бири баш мыйзамга өзгөртүүлөргө каршы чыгышты.

Башка өлкөлөр дагы Конституциясына тынбай өзгөртүү киргизип турат. Бирок, алар көбүнчө адам укуктарын кеңейтүү жаатында тактоолорду сунушташат. Кыргызстанда болсо бийлик өкүлдөрү тынымсыз өз ыйгарымын кеңейтүү менен алек. Мына ушундай улам жарандардын референдумга жана шайлоолорго ишеними кетүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар