16:12
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жаңы конституциянын долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт

Конституциялык кеңешме жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ишин аяктады. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү Нурлан Шерипов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, ушул жумада жыйынтыктоочу секциялык жана пленардык жыйын болуп, андан соң жаңы Башкы мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште жөнөтүлөт.

«Долбоордогу беренелерди бир нече ирет карап чыктык. Биз аны өркүндөтүп, юридикалык жана лингвистикалык анализ жүргүздүк», — деди ал.

Шерипов кошумчалагандай, жыйынтыктоочу отурумдан соң жаңы Конституциянын долбоору парламентке өткөрүлүп берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар