17:46
USD 84.79
EUR 100.79
RUB 1.10

Өнөкөткө айланган реформа, же Баш мыйзамды өзгөртүүнүн себептери

Кыргызстанда конституция боюнча 10-референдум белгиленди. Ал 11-апрелде жергиликтүү кеңешке шайлоолор менен бирге өтөт.

Конституциялык кеңешме тарабынан даярдалган долбоор жергиликтүү эксперттер жана юристтер менен бирге эл аралык коомчулук тарабынан дагы сынга кабылды. Бирок, авторлор долбоорду кайра иштеп чыгуудан баш тартышты.

24.kg агенттиги Баш мыйзамга буга чейин ким тарабынан кандай өзгөртүүлөр киргизилгенин айтышууда.

Легендарлуу парламенттин тарыхый чечими

Эгемендүү Кыргызстандын Конституциясы Жогорку Советтин XII сессиясында кабыл алынган. Анын курамы тарыхка «легендарлуу парламент» катары кирди. Ал кезде Баш мыйзамдын долбоорун атайын комитет даярдап, эки жыл (1991-1993-жылдары) талкууланган. Конституция президенттин, парламенттин жана өкмөттүн ыйгарым укуктарын көрсөтүлүп, вице-президент институту киргизилип, аткаруу бийлиги өлкө башчысынын башкаруусуна берилген.

1993-жылкы Конституция — бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулукту орноткон эң прогрессивдүү мыйзам катары эсептелет.

Аскар Акаевдин бийлиги учурунда Конституция беш жолу кайра каралып, 1994, 1996, 1998, 2001, 2003-жылдары президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлгөн. Өзгөртүүнү конституциялык кеңешме иштеп чыккан.

1994-жылкы конституциялык реформада 35 депутаттан турган мыйзам чыгаруу палатасы жана 70 депутаттуу эл өкүлдөр палатасы киргизилет.

Эки жыл өтпөй Аскар Акаев кайра референдум жарыялайт. Бул жолу Жогорку Кеңеш менен президенттин ыйгарым укуктары өзгөрүүгө дуушар болот. Кайра эле өлкө башчысынын бийлиги күчөтүлдү: министр, элчи жана аймактардын жетекчилерин президент дайындай турган болот. Ошол эле учурда депутаттарга импичмент жарыялоо укугу берилет. Андан тышкары, эл өкүлдөрү премьер-министрге ишенбестик вотумун көрсөтө алат.

Бирок, парламент өлкө башчысынын чечимине таасир бере албайт.

2003-жылдагы кезектеги конституциялык реформада президенттин иштөөсү үчүнчү мөөнөткө жылдырылып, оппозиция Аскар Акаевди бийликти узурпациялоого айыптады.

Бул жолку реформада Жогорку Кеңешке мажоритардык система менен тандоо киргизилип, эки палаталуу парламент жоюлду. 2005-жылдын февраль айында парламенттик шайлоо өтүп, оппозиция мандатка жетише алган жок. Жогорку мыйзам чыгаруучу органга бийликтин «Алга Кыргызстан» партиясы жана анын курамында Айдар жана Бермет Акаева өттү. Бул өлкө боюнча каршылык митингдерине алып келди. Март айында өлкөдө революция ишке ашып, жыйынтыгында Аскар Акаев өлкөдөн качууга аргасыз болот.

Өткөндөн сабак албаганда...

Төңкөрүштөн кийинки президент Курманбек Бакиев дагы 1993-жылкы Конституцияны кайтарууну эп көргөн жок. Ал жаңы долбоор жазып чыгууну буйруду. Конституциялык кеңешме активдүү иштеп, бирок, парламент менен президенттик администрациянын ортосунда тирешүү күч болуп турду. 2006-жылдын ноябрь жана декабрь айларында эки варианттагы Баш мыйзам кабыл алынды.

Бирок, 2007-жылдын 14-сентябрында Конституциялык сот ноябрь жана декабрь айында кабыл алынган эки долбоорду тең жокко чыгарып, 2003-жылкы редакцияны кайра күчүнө киргизди.

2007-жылдын 21-октябрында элдик референдум жарыяланып, анда юрист Данияр Нарымбаев иштеп чыккан Баш мыйзам кабыл алынды.

Бул жолу Жогорку Кеңеш пропорционалдык система менен шайланып, депутаттардын саны 90го кыскарды. Жогорку Кеңешке көзөмөлдөөчү функция берилди.

Бакиевдин баш мыйзамы 2010-жылга чейин жашады. Жаңы келген бийлик Ош коогалаңына карабай референдум өткөрүп, Өмүрбек Текебаев жазган долбоорду кабыл алышат.

Конституцияда президенттик башкаруу парламенттикке алмаштырылат. Өлкө башчысы бир жолу гана алты жылга шайланат. Депутаттардын саны 90дөн 120га көбөйтүлөт.

Тыюу салу дагы тоскоол боло алган жок

2016-жылы Жогорку Кеңеш негизги мыйзамга өзгөртүү киргизип, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеңейтет.

Белгилей кетсек, 2010-жылы референдумда кабыл алынган Баш мыйзамга 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө жана толуктоого тыюу салынган. Бирок, ал Алмазбек Атамбаев менен депутаттарына тоскоол болгон жок.

Венециялык комиссиянын жана башка эл аралык уюмдардын эскертүүлөрү эсепке алынган жок.

2016-жылы өзгөртүүлөр референдум аркылуу бекитилди.

Жамалып бүтпөгөн Баш мыйзам

Тарых көрсөткөндөй, ар бир бийлик өз ыйгарымдарын күчөтүүгө аракетинде конституциялык реформаны демилгелейт. 2010-жылкы Баш мыйзам дагы парламенттик башкаруу тутумун орноткону менен иш жүзүндө президенттик бийлиги күчүн жоготкон эмес.

Президент күч түзүмдөрүн дайындап, тышкы жана ички саясатты аныктаган.

Белгилей кетсек, дүйнөдө Конституциясын өзгөртүү өнөкөткө айланткан Кыргызстан эле эмес. Акыркы жыйырма жыл ичинде Баш мыйзамды эң көп өзгөрткөн өлкөлөрдүн эң алдынкы ондугуна Мексика, Жаңы Зеландия, Бразилия, Швейцария, Австрия, Израиль, Чили, Колумбия, Грузия жана Индия кирди.

Эң көп окулган жаңылыктар