15:21
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Конституциянын жаңы долбоору. Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча эл аралык тажрыйба

Кыргызстанда Конституцияны кайра жазып чыгуу салты уланууда.11-апрелде дагы бир референдум өтөт. Анда жарандар Баш мыйзамдын жаңы долбооруна добуш беришет.

Долбоор конституциялык кеңешме тарабынан иштелип чыгып, парламенттин кароосунан өттү. Бирок, эл өкүлдөрүнө өзгөртүүгө киргизүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок. Ага карабай парламенттеги 95 депутат колдоп, алтоо гана каршы чыкты.

30 жыл ичинде референдум аркылуу Конституцияга 10 жолу өзгөртүү киргизилди.

11-апрелде 11-референдум өтөт. Калыстык үчүн белгилей кетсек, Кыргызстан Баш мыйзамды өзгөртүүнү сүйгөн дүйнөдөгү жападан жалгыз өлкө эмес. XХI кылымда 95 мамлекет негизги мыйзамын толугу менен өзгөртүүгө жетишкен.

Конституциянын кол жоолуктай алмаштырган өлкөлөр

Жаңы долбоордун тарапташтары Конституциянын өзгөрүп турушун мыйзам ченемдүү көрүнүш катары эсептешет. 95 өлкөнүн тогузунда гана жаңы долбоорго каршылык көрсөтүлгөн. 86 мамлекеттин жарандары өзгөртүүлөрдү колдошконю Конго, Сербия, Черногория 2000-жылдын башынан бери Конституциясын эки жолу алмаштырууга жетишсе, Кыргызстан — 3 жолу.

Акыркы жыйырма жыл ичинде Баш мыйзамды эң көп өзгөрткөн өлкөлөрдүн эң алдынкы ондугуна Мексика, Жаңы Зеландия, Бразилия, Швейцария, Австрия, Израиль, Чили, Колумбия, Грузия жана Индия кирди.

Дүйнөдө акыркы 20 жылда толуктоого жана өзгөртүүгө дуушар болбогон Конституция жокко эсе. Ага мезгилдин жаңылыктары дагы түрткү болууда.

Юрист Медер Алиевдин пикиринде, Кыргызстанга учурда конституциялык реформа зарыл.

«Биз азыр жашап жаткан Конституция өлкөнүн баардык катмарынын кызыкчылыгын коргоп, талаптарына жооп бербейт. Андыктан аны өзгөртүү керек», — дейт ал.

Реформага каршы чыккандар Баш мыйзамды бат-бат өзгөртүүнүн зарылчылдыгы жоктугун айтышат. Бирок, алар башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алышпайт.

Медер Алиев.

Юрист Швейцарияда 1999-жылы кабыл алынган 19 жолу, Грузияда 32 жолу реформаланганын белгилейт.

Кыргызстанда 1995-жылдан бери Баш мыйзамга бир эле максатта өзгөртүү киргизилип жатат. Бийликке келген топ өз ыйгарымдарын күчөтүү, мөөнөтүн узартуу менен алек

«Акыркы он жылда биз парламенттик башкарууда жашай алган жокпуз. Учурдагы жоболор жана эрежелер коомдун талабына жооп бердиби? Жок. Эң татыктуу парламен тандалдыбы? Жок. Партиялык системаны бузуп, жогорку мыйзам чыгаруу органын бизнес-клубка айлантышты», — дейт Медер Алиев.

Бизди парламентаризмден жана демократиядан баш тартып жаткандыгыбыз боюнча билдирүүлөр негизсиз. Бизде парламентаризм эч болгон эмес. Күчтүү вертикалдуу президенттик бийлик болуп, Жогорку Кеңеш нотариустун милдетин аткарып келди.

Медер Алиев.

Белгилей кетсек, эл аралык Human Rights Watch уюму 2021-жылдын 9-февралында парламентке киргизилген Баш мыйзамдын долбоору адам укугуна талаптарды жокко чыгарып, бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту бузуп жатканын белгилеп, долбоорду кайра артка чакырууга чакырды.

Башкалардын Баш мыйзамында эмне кеп?

Конституциялык реформа референдум аркылуу ишке ашыруу катаал конституцияларга таандык. Ийкемдүү Баш мыйзам үчүн парламент, же башка мыйзам чыгаруучу органдын чечими жетиштүү. Мисалы, Германияда өзгөртүүлөрдү парламенттин кароосунан өтөт.

Катаал конституциялар өзгөртүү жана толуктоо киргизүү үчүн парламенттин чечиминен сырткары кошумча жол-жоболорду аткаруу талап кылат. Мисалы, референдум өткөрүү, Конституциялык соттун, өлкөнүн аймактарынын бүтүмү.

Ага АКШнын мыйзамы мисал боло алат. Аларда Баш мыйзамдын тексти толук өзгөртүүгө жол берилбей, оңдоп-түзөөгө гана болот. Ал үчүн Конгресстин ар бир палатасынын, штаттардын макулдугу керек. 1787-жылдан бери 27 жолу өзгөртүү киргизилген.

Конституциялык реформада Американын Жогорку соту чечүүчү ролду ойнойт.

Кыргызстанда 2016-жылы киргизилген нормага ылайык Конституциялык палата айрым беренелерге гана оюн билдирет.

Бирок, саясат тануучу Шерадил Бактыгулов бул жолу Конституциялык палатанын чечими зарыл деп эсептейт. Анткени, Баш мыйзамга 81 өзгөртүү киргизилип жатат.

Белгилей кетсек, айрым өлкөлөрдө эл аралык нормалар улуттук мыйзамдан өйдө турат. Мисалы, Нидерланды, Австрия, Аргентина, Бразилия жана Мексика.

Франция менен Россияда эл аралык нормалар улуттук мыйзамдан өйдө турганы менен Конституция баарынан жогору болуп саналат.

Германия, Великобритания, АКШ жана Австралияда эл аралык нормалар ички мыйзамдарга теңелет.

Кыргызстанда эл аралык нормалар менен ички мыйзамдардын орду боюнча талаш көптөн бери саясый манипуляциянын куралы болуп келүүдө. 2016-жылы кабыл алынган өзгөртүүлөр боюнча улуттук мыйзамдар эл аралык укуктан жогору турат. Конституциянын жаңы долбоорунда дагы бул жобо сакталды.

Эң көп окулган жаңылыктар