14:01
USD 84.79
EUR 100.79
RUB 1.10

Шайлоо. Эмне үчүн шайлоого катышуу керек жана кантип добуш берүү зарыл

Бул жыл Кыргызстан үчүн шайлоолорго бай болду. Апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өтөт. Күзүндө жаңы парламенттик шайлоо күтүлүүдө.

Шайлоолордун саны арбыганы менен кыргызстандыктарды кызыгуусу төмөндөөдө. Жыл сайын добуш берүүгө катышкандардын саны аз болууда. Биз эмне үчүн добуш берүү маанилүү экендигин жана «баарына каршы» добуш өтө жакшы тандоо эместигин түшүндүрөбүз.

Эмне үчүн добуш берүү керек?

Кыргызстанда 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү. Ага өтө аз жаран катышты. Боршайкомдун маалыматында, колдо эсептелген бюллютендер боюнча шайлоочулардын 34,71 пайызы (АСУ боюнча — 39,27 пайызы), референдумга — 33,86 пайызы ( АСУ — 39,43 пайызы) катышты. Көпчүлүк шайлоонун жыйынтыгына анын добушу таасир бербейт деп эсептейт.

Эгер өткөн шайлоого шайлоочулардын көпчүлүгү келгенде президентти тандоонун эки туру өтмөк.

Адатта жарандар шайлоо таза эмес жана жыйынтыгы алдын-ала даярдалганын айтышат. Бирок, ар бир шайлоо — бул өзгөрүүгө мүмкүнчүлүк. Айрыкча жергиликтүү шайлоолор. Мында биз бийликтен натыйжалуу иштөөнү жана көйгөйлөрдү чечүүнү талап кыла алабыз. Андан сырткары, жергиликтүү кеңештин депутаттары шаар мэрлерин шайлашат. Андыктан депутаттардын сапатына шаардын келечеги байланыштуу.

Биздин добуш кандай болбосун аны жеткирүү керек.

Эгер жаран шайлоого келбесе, анын добушу аброю начар талапкер, же күчтөр үчүн колдонулуп кетиши ыктымал. Андан кийин шайлоого катышпаганын айтып, бийликти, депутаттарды жана мыйзамдарды сындоодон жыйынтык азыраак.

Добуш берүү менен гана биз өзүбүздүн өлкөбүздөгү жашоону тандай алабыз.

«Баарына каршы» - тандоо эмес

Шайлоолорго такай катышкандардын көпчүлүгү баарына каршы добуш берет. Алар добушун эч ким колдоно албастыгын жана сунушталган варианттардын бири дагы өтпөстүгүн айтышат.

Бирок, иш жүзүндө мындай стратегия дайым эле иштей бербейт.

Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык «баарына каршы» графасы көпчүлүк добушту топтосо шайлоо жокко чыгарылат. Бул жобо жергиликтүү кеңештерге дагы тиешелүү.

Эгер референдумда шайлоочулардын жарымынан көбү баарына каршы добуш берсе, анда сунушталган варианттын бири дагы кабыл алынбайт.

Бирок иш жүзүндө «баарына каршы» добуш бергендердин саны өтө көп эмес.

Өткөн президенттин шайлоодо баардык талапкерлерге каршы 1,3 пайыз, референдумда 4 пайыз добуш топтолду. Демек, мындай жол менен каршылык көрсөтүү натыйжа бербейт. Ошол эле учурда татыктуу талапкерлердин добушун азайтып коесуз.

Кантип туура тандоо жасоо керек?

 Эгер сиз шайлоого бара турган болсоңуз анда алдын-ала даярдык көрүңүз. Ансыз сиз добуш берүү күнү мүмкүнчүлүгүңүздү колдоно албайсыз. Бул боюнча Боршайкомдун төрагасынын мурдакы орун басары Атыр Абдрахматованын кеңештерин сунуштайбыз. Ал шайлоого жөн эле баруу эмес, туура тандоо зарылдыгын белгилейт. Талапкерлерди туура тандоо үчүн алардын өмүр баяны жана программасы менен таанышып чыгуу керек. 

Жарандык жоопкерчилик

Шайлоого катышпагандар жаш балдар сыяктуу баарын сындап олтурушат. Алардын түшүнүгүндө, шайлоо сөзсүз таза эмес, эч бир талапкер ак эмес, деги эле эч нерсе эч качан өзгөрбөйт.

Жарандар чоңоюп, өз укугун колдону менен өлкөнүн жана демократиянын өнүгүүсүнө салым кошушу зарыл.

Добуш берүү — бул жарандын үнү. Шайлоочулардын активдүүлүгү бийликти кыймылдатып, жарандардын пикири менен эсептешүүгө, демек иштөөгө жана өлкөнү оңдоого түртөт.

Эң көп окулган жаңылыктар