03:41
USD 84.56
EUR 100.60
RUB 1.16

Сооронбай Жээнбековдун жактоочусу Мелис Аспековду сотко берет

Мурдакы президент Сооронбай Жээнбековдун жактоочусу активист Мелис Аспековду сотко берет. Бул тууралуу жактоочу Асылбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, Мелис Аспеков мурдакы президентке жалаа жабууда.

«Аспеков өзү алдамчылыкка айыпталып абакта олтурат. Анын билдирүүсү жалган жалаа, ал үчүн биз сотко беребиз», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Мелис Аспеков президент Садыр Жапаров Жээнбековдордон шайлоо алдында 10 миллион доллар алганын айтып чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар