10:36
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жергиликтүү шайлоо. Добуш сатып алуудан кантип арылууга болот?

11-апрелде жергиликтүү кеңешке шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өттү. Адаттагыдай эле депутаттык мандат күрөш Ош жана Бишкек шаарларында катуу атаандаштыкта жүрдү. Алдын ала маалымат боюнча «Эмгек» (13,87 пайыз), «Ак-Бата» (12,15 пайыз) КЭДП (10,7 пайыз), «Ынтымак» (8,3 пйаыз), «Ата-Журт Кыргызстан» (9,63 пайыз), «Биздин эл» (7,73 пайыз) алышты. Алар үчүн 84 миң 842 адам добуш беришти.

Ош шаардык кеңешке төрт партия өттү. Көпчүлүк добушка «Ата Журт Кыргызстан» ээ болду. Алар 47,99 пайыз алышты. Анын артында «Улуттар биримдиги» — 17.99 пайыз, «Ыйман нуру» — 8,11 пайыз жана «Ынтымак» 7,36 пайыз.

Бишкекте «Реформа» менен Социал-демократтар партиясы босого баллга бир аз жетпей калды.
Утулган партиялар шайлоо таза өтпөй, алар талапкерлерин добуш сатып алууга жана административдик ресурсту колдонууга айыптоодо.

Риторикалык суроо

Шайлоодо добуш сатып алуу өнөкөткө айлангандыгын эч ким тана албайт. Бирок байкоочулардын айтымында, 11-апрелдеги шайлоодо 2020-жылкы күзүндөгү добуш берүүгө караганда массалык түрдө сатып алуу болгон жок. Анткен менен Европа биримдиги Кыргызстандын бийлигин мыйзам бузууларга, анын ичинде добуш сатып алууга, добуш берүүнүн жашыруундугун камсыз кылууга жана үгүт эрежелеринин сакталышына көңүл бөлүүгө чакырды.

«Общее дело» коомдук фонду 225 мыйзам бузууну белгилешти. Алар талапкерлер көчө жана үй башчылары аркылуу шайлоочуларга кысым көрсөтүп, добуш сатып алып, үгүт эрежелерин бузууга барарын айтышат.

Шайлоочу тилкелерине жана укук коргоо органдарына түшкөн арыздардын көпчүлүгү добуш сатып алууга байланыштуу.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова ар бир арызды карап, мыйзам бузууга жол берген партиянын талапкерлерине мандат берилбестигин билдирди.

Мындай окуя 2016-жылы жергиликтүү шайлоодо катталган. Анда Кара-Балта шаардык кеңешине талапкер болгон «Жаңы шаар» партиясынын алган добуштары жокко чыгарылган.

Талдоочулардын айтымында, Бишкек шаары боюнча мындай чечимдин чыгарылышы мүмкүн эмес.
Белгилей кетсек, үгүт учурунда үч партиянын талапкерлери («Эмгек», «Ак Бата» жана «Ата Журт Кыргызстан») шайлоодон четтетилди.

Жаман адат

Серепчилердин пикиринде, партиялар финансалык отчет беришпегендиктен, жашыруун бухгалтериясы аркылуу добуштарды сатып алууга ири өлчөмдөгү каражатты жумшайт.

«Добуш сатып алуу — бул саясый коррупциянын терс таасири. Партиялар киреше-чыгашалары ачык айкын болушу шарт. Ар бир партиянын өзүнүн жашыруун кассасы бар. Андан акча каякка, эмне максатта жумшалып жатканын жада калса Боршайком дагы көзөмөлдөй албайт», — дейт юрист Эрик Ирискулбеков.

Партиялар дагы банк аркылуу төлөмгө өтүшү керек. Ошондо БШК алардын акчасын көзөмөлдөй алат. Ансыз добуш сатып өсүп өнүгө болот.

Эрик Ирискулбеков

Шайлоо укуктары боюнча адис Айнура Усупбекованын айтымында, партиялар чыгымдары боюнча отчет бериши керек. Ал 2020-жылдын май айында парламент шайлоо мыйзамдарын кайра карап чыккан. Андагы өзгөртүүлөргө ылайык мамлекеттик бюджеттен каржыланган партиялар гана финансалык отчет тапшырмак. Бирок, долбоор биринчи окуудан өтпөй, токтотулган.

«Менин оюмча добуш сатып алууга шектелген талапкерлерди шайлоодон четтетүү керек. Партиянын тизмесин толугу менен жокко чыгаруу бул чоң жумуш. Анүстүнө баардык эле партиялар добуш сатып ала бербейт. Эки-үч кишини тизмеден чыгарса партиялар өз катарын тазалоого аргасыз болот», — деп эсептейт Айнура Усупбекова.

Утулганды билүү керек

Шайлоодогу мыйзам бузуулар, Боршайкомдун алсыздыгы, укук коргоо органдарынын убагында чара көрбөгөндүгү коомду анын жыйынтыгына ишенбөөсүн жаратты. Эми ар бир шайлоодон кийин кайра дайындоо талап кылынууда.

Бишкек жана Ош шаарларында шайлоодон өтпөй калган партиялар митинг өткөрүштү. Ордо калаада каршылык акциясын социал-демократтар жетектеп, аларды «Реформа», «Бүтүн Кыргызстан», ДДК, Коммунисттер, «Улуу журт» жана «Улутман» колдоп келди.

Ошто алты партия митингге чыгып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу сунушу менен өлкө башчысына кайрылышты.

Социал-демократтардын жетекчиси Темирлан Султанбеков Бишкекте митингдерди күнүнө өткөрүп турмакчы болуп, бирок сөзүндө турган жок.

Саясат тануучу Игорь Шестаковдун айтымында, митингдер дагы партиялардын үгүт иштерине окшош.
«Албетте добуш сатып алуулар болду. Бирок, Бишкек менен Ошто акчасыз шайлоого катышуу мүмкүн эмес. Шайлоочулар пассивдүү. Катардагы жаран шаардык кеңештин максатын түшүнбөйт», — дейт Игорь Шестаков.

Бүгүнкү митингдер массалык каршылыкка айлана албайт. Азыр каршылык акциясына чыгып жаткандар парламенттик шайлоо алдында өзүн элге көрсөтүүнү калаагандар.

Игорь Шестаков.

Шайлоо өнөктүгү дайым күтүүсүз жана күтүлгөн жыйынтык менен коштолот. Бийликтин партиясы менен бирге кээде жаңы катышкан талапкерлер дагы алдыга озуп чыгат.

Эгер партия шайлоочулардын добушуна ээ боло албаса, демек эмкисине жакшылап даярдануу керек.

Эксперттер тажрыйбалуу саясатчылар бош чөнтөгү менен шайлоо катышпашын белгилейт. Жергиликтүү саясатчылар утуу менен бирге утулуу ызасын дагы татыктуу көтөрүүнү үйрөнүшү керек.

Эң көп окулган жаңылыктар