16:04
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Түркмөнстанда аялдарга автоунаа айдоого тыюу салынды

Түркмөнстан бийлиги 2017-жылдын декабрынан тарта аялдардын автоунаа айдоосуна тыюу салды.

«Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары» басылмасы жазгандай, декабрь айында жол полициясы аялдарга эскертүү берип келген. Жаңы жылдан тарта алар айдоочу кыз-келиндердин күбөлүктөрүн алып, автоунааны айып аянтчасына токтотууда.

«Алгач мен бул маалыматты тамаша катары кабыл алгам. Бирок көп өтпөй өзүм айыпка жыгылдым. Азыр аялдар рулга отургандан коркуп калды. Ошондуктан көпчүлүгүн эми күйөөлөрү жумушка жеткирип, кайра алып кетип жатышат», — деди ашхабаддык аялдардын бири.

Башка маалымат булактары мамлекеттик мекемелерге машине айдап келген аялдардан мындан ары автоунаа айдабоо боюнча түшүнүк кат жаздыртып алып жатканын маалымдоодо.

«Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктарына» маалымат берген булактын айтуусунда, Түркмөнстандын ички иштер министри Искендер Муликов жол кырсыгынын көпчүлүгү айдоочу аялдардын айынан болуп жатканы тууралуу маалыматты декабрда президентке жеткирген. Натыйжада президент министрге абалды жөнгө салуу тапшырмасын берген.

Эң көп окулган жаңылыктар