03:30
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Садыр Жапаров Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү жолдору боюнча пикир алмашты.

Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровдун келишин кубаттап, өткөн президенттик шайлоодо Кыргызстан эли ага чоң ишеним артканын баса белгиледи.

Ошондой эле Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагында Казакстан менен Кыргызстан президенттеринин ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуулугуна токтолду.

Кыргызстан эли оор мезгилдерде Казакстан тарап туруктуу көрсөтүп келген жардамды эч качан унутпасын баса белгиледи. Садыр Жапаров мындай тили жана каада-салты окшош элдердин ортосунда чечилбеген көйгөйлөр болбошу керектигин өзгөчө белгилеп, биргелешип өнүгүүгө даяр экендигин айтты. Ал инвесторлордун, анын ичинде Казакстандан келген инвесторлордун укуктарын коргоого толук кепилдик бере тургандыгын кошумчалады.

Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевге бекем ден-соолук, узак өмүр жана ишине ийгиликтерди, ал эми Казакстан элине тынчтык жана бакубаттуулук каалады.

Эң көп окулган жаңылыктар