07:02
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ош милициясы телефон алдамчылары көбөйгөнүн белгилейт

Ош милициясы телефон алдамчылары көбөйгөнүн белгилейт. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматында айтылат.
 
Милиция жарандарды сак болууга чакырып, кеңеш берет:
 
-Бейтааныш адамдардын Сиздердин жакын туугандарыӊыз экендигин айтып акча сураса сабырдуулук менен анын ким экендигин тактап сураӊыздар;
 
-Алдамчылар демейде акчалуу, карыган же чечкинсиз жарандарга чалып, алардын жакын тууганы: уулу, күйөө баласы, иниси сыяктуу жакын туугандарынан экендигин айтып, кырсыкка кабылгандыгы, же бирөөнү автомашина менен койдуруп алгандыгы сыяктуу жалгандарды тез-тез, кээде ыйлашып айтуу менен , тез арада ири суммадагы акча керектигин айтышып, акча сурашат. Акчаны өздөрү белгилеген жерге эч кимге айтпастан алып келүүнү суранышат. Демейде жалган жерден өӊгүрөп, ыйлап дагы алышат;
 
-Алдамчылардын бирден бир талабы-башка бирөөгө чалбоо болот. Алар Сиздин башка бирөөгө чалып такташыӊызды каалабайт. Өздөрүнүн кылмышынын ачылып калышынан коркушат;
 
-Телефон чалган алдамчылар демейде тез арада акчанын дарыга, укук коргоо органдарына берүү керектигин айтып алдашат. Мындай учурда Сиздерден сабырдуулукту кармоо менен биринчи кезекте алдамчы айткан жакын туугандарыӊызга байланышка чыгууӊуз керек. Жакын тууганыӊыздын амандыгы тууралуу маалыматка ээ болгон соӊ-жергиликтүү милицияга 102 телефону аркылуу кабар берииӊизди суранабыз!
Эң көп окулган жаңылыктар