USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Бишкек ЖЭБинин казандарын газга өткөрүү меморандумуна кол коюлду

14:54, 28 января 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын мэриясы жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын от казандарын жаратылыш газына өткөрүү боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, муниципалитет тарабынан мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев, ал эми «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын атынан Болот Абилдаев кол койду.

Документ «Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунда 2021-2023-жылдарга экологиялык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планын» ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Планга ылайык, 2021-жылдын 1-октябрына чейин «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын 19 от казаны жаратылыш газына өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 66 от казанды камтыйт, анын ичинде: 21 от казан — көмүр менен, 23- газ менен, 11-электр энергиясы жана 11-бириккен. Жылына шаардык бюджеттен от казандарын кармоого жана тейлөөгө болжол менен 36 миллион сом бөлүнөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика