USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

250 миң доллар пара алууга шектелген активист Улан Жураев бошотулду

09:56, 26 января 2021, Бишкек - 24.kg

250 миң доллар пара алууга шектелген активист Улан Жураев бошотулду. Бул тууралуу 24.kg өздүк булактар билдирди.

Алардын маалыматында, Бишкектин Биринчи май райондук соту Улан Жураев тергөө менен кызматташууга макул болгондугуна байланыштуу бошотту.

Аны менен чогуу кармалган Мелис Аспеков абакта калтырылды.

Белгилей кетсек, 9-январь күнү УКМК Мелис Аспеков жана Улан Жураев аттуу жарандарды кармашкан. Мелис Аспеков октябрь айында Садыр Жапаровду коштоп жүрүп, кийин өзүн анын Чүй боюнча штабынын жетекчиси катары жарыялаган.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18