08:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Путин: Навальныйдын иликтөөсүндө айтылган «хан сарай» мага таандык эмес

Орусиянын президенти Владимир Путин Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөш фонду жарыялаган иликтөөдө айтылган Геленжектеги «хан сарай» ага таандык эмес экенин билдирди. Бул тууралуу ал 25-январда студенттер менен онлайн жолугушуусу учурунда айтты.

«Бош убактымдын жоктугунан улам иликтөөнү толук көргөн жокмун, бирок жардамчыларым алып келип берген үзүндүлөрүн барактап чыктым. Ал жерде меники деп көрсөтүлгөндүн баарынын мага да, туугандарыма да эч кандай тиешеси жок», — деди Путин.

Өткөн жумада оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фонду президент Владимир Путинге таандык деген имараттар жөнүндө иликтөө жарыялаган. Анда Краснодар аймагындагы Геленжикке жакын жердеги Путинге таандык деген «хан сарай» тууралуу сөз болот. Бул фильмди бир апта аралыгында «YouTube» порталында 85 миллиондон ашык адам көрдү.

Бул иликтөө Алексей Навальный Германиядан Орусияга кайтып келип, сот чечими менен 30 суткага камакка алынгандан кийин жарыяланган.

23-январда Орусиянын бир катар шаарларында Навальныйды камактан чыгарууну талап кылып бийликке каршы акциялар өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар