16:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Эльвира Сурабалдиева жана Татьяна Голикова телефон аркылуу сүйлөштү

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Россия өкмөтүнүн төрага орун басары Татьяна Голикова менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Эльвира Сурабалдиева белгилегендей, Кыргыз-Россия өнөктөштүгүнүн стратегиялык мүнөзүн жогору баалайт жана келечекте Россия Федерациясы менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоого умтулат. Ал россиялык тарапка коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн колдоосу жана гуманитардык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар эки өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жана COVID-19 вирусунун жаңы штаммынын жайылышынын алдын алуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, калкты коронавирус инфекциясынан вакцинациялоо маселесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын саламаттык сактоо министрликтеринин мындан ары карай өз ара аракттешүүсүн талкуулады.

Эң көп окулган жаңылыктар