Өткөн суткада өрттүн кесепетинен эки киши каза болду. Бул тууралуу Өзгочө кырдаал министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, ордо калаабыздын Биринчи Май районундагы"Ак-Жол" автобазанын аймагында жайгашкан жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагону толугу менен жана VOLVO үлгүсүндөгү автоунаанын прицеби күйгөн. Өрттүн кесепетинен эркек киши каза болгон. Учурда анын аты-жөнү такталууда. Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Мындан тышкары, Панфилов районунун Каптал-Арык айылындагы Центральный көчөсүндө турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган 6 чарчы метр чатыры жана ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн кесепетинен эркек киши каза болгон. Жансыз денени ИИМ кызматкерлерине өткөрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда.