08:25
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чет өлкөлүк лидерлер орус бийлигин Навальныйды бошотууга чакырышты

Укук коргоочулар менен чет өлкөлүк саясий лидерлер Орусиянын бийлигин оппозиционер Алексей Навальныйды бошотууга чакырышты. Ал 17-январь күнү кечинде Германиядан Москвага учуп келгенден кийин аэропортто кармалган.

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальный «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу шартуу сот жазасын реалдуу жазага алмаштыруу боюнча доо арыздын негизинде кармалганын белгилеп, анын шарттуу мөөнөтү 3,5 жылга эркинен ажыратуу жазасына алмаштырылышы керектигин билдирүүдө. Бул маселе боюнча саясатчынын соту 29-январга белгиленди. Ага чейин 48 сааттын ичинде анын бөгөт чарасы каралышы керек.

Навальный Москва аэропортунда журналисттер менен болгон кыска маегинде кармаларын билгенин, бирок Орусияга кайтып келүү планынан баш тартпаганын айтты.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Навальныйдын кармалышында саясий боёк бар деп эсептешүүдө. Amnesty International уюму саясатчыны абийир туткуну деп атап, кармоо — анын «оозун жабуу» аракети экенин билдирди. Өз кезегинде Human Rights Watch уюму Навальный саясий себептерден улам кармалганын белгилеп, аны бошотууга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар