01:18
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкектеги кичи автобустардын жол киреси жогорулашы мүмкүн

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында шаардык кызматтар менен жеке транспорттук компаниялардын жетекчилери жана айдоочулары жолугушуу өткөрүштү. Мэриянын маалыматына караганда талкууга алынган маселе кичи автобустарда жол кирени көтөрүү болду.

Айдоочулар күйүүчү-майлоочу майдын, унаа тетиктеринин баасы көтөрүлгөндүктөн, шаардык кичи автобустарда жол киренин баасын көтөрүүнү суранышты.

Мыйзамга ылайык, тарифтерди өзгөртүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров шаардык парламенттин депутаттары муниципалитет токтом долбоорун киргизгенде тарифтерди көтөрүү маселесин кароого даяр экендигин билдирди.

Вице-мэр Азизбек Алымкулов бул маселе ченемдик укуктук базага ылайык этап-этабы менен чечилиши керектигин белгиледи. Долбоор экспертизадан өтүп, тиешелүү органдардагы жөнгө салуучу таасирдин талдоосун, адистештирилген комиссиядан корутунду алышы керек, эң маанилүү маселе шаардыктар тарабынан коомдук талкууда каралышы керек.

Азизбек Алымкулов коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учураса, борбор калаанын мэриясы мыйзамга ылайык лицензия берүү жаатында жеке фирмалар менен кызматташууну кайрадан карап чыгарын эскертти.

Жыйынтыгында бул маселени кароо үчүн жумушчу топ түзүлдү. Бир жума аралыгында айдоочулар болжолдуу сметалык маалыматтарды беришип, андан ары иштөө үчүн мэриянын шаардык транспорт бөлүмүнө тапшырышат.

Эң көп окулган жаңылыктар