Садыр Жапаров шайлоодогу оппонентери менен иштешүүгө даяр. Бул тууралуу ал бүгүн Ала-Тоо аянтында билдирди.
Ал президенттик шайлоого катышкан талапкер менен иштешүүгө даярдыгын белгиледи.
«Алардын баарын чакырып, кеңешип иштөөгө чакырам. Каралоодон, жалган жалаадан алыс бололу. Бөлүнүп-жарылуу эч кимге жардам бербейт», — деди ал.