23:27
USD 84.77
EUR 103.24
RUB 1.14

Садыр Жапаровду Токаев, Путин куттуктады. Казакстанга расмий сапары пландалууда

Садыр Жапаровду кошуна өлкөлөрдүн ичинен биринчи болуп Казакстандын президент Касым-Жоомарт Токаев куттуктады. Бул тууралуу казак өлкө башчысынын расмий сайтында жарыяланды.

Касым-Жоомарт Токаев Садыр Жапаров менен телефон аркылуу байланышып, расмий сапар менен Казакстанга чакырды. Маалыматта президенттикке талапкер казак жетекчисинин чакыруусун кабыл алып, алгачкы иш сапарын кошуна өлкөдөн башкармай болду.

Куттуктоо Кремлден дагы келди. Россия президентти Владимир Путин эки тараптуу жана аймактык уюмдар алкагында кызматташтык уланарына ишеним арткан.

Эң көп окулган жаңылыктар