07:39
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Президенттин инаугурациясын качан болору айтылды

10-январдагы кезексиз шайлоонун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң андан утуп чыккан адам ишке кирише алат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова басма сөз жыйынында билдирди.

«Расмий жыйынтык добуштар кол менен саналып, бардык арыздар жана талаштуу маселелер сотто каралып бүткөндөн кийин, бир ай аралыгында чыгарылат», -деп билдирди БШК төрайымы.

Шайлдабекова ошол эле учурда бул кезексиз шайлоо болгонуна байланыштуу добуштарды эсептөө мөөнөтү да кыскарарын эскертти.

10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум болуп өттү. БШК добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 39% ашууну катышканын маалымдады. БШКнын билдирүүсүндө, 23:00гө карата добушканалардын 98% автоматтык эсептөө үкөктөрдүн маалыматтары келип түштү.

Баштапкы жыйынтык боюнча шайлоодо добуштардын 79,16% Садыр Жапаров алып, алдыга чыкты.

Кыргызстандын президенттигине 17 талапкер ат салышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума