USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Референдумда шайлоочулардын 80,99 пайызы президенттик башкарууну колдоду

09:40, 11 января 2021, Бишкек - 24.kg

Референдумда шайлоочулардын 80,99 пайызы президенттик башкарууну колдоду. Бул тууралуу Боршайком билдирди.

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, парламенттик башкарууга 10,94 пайыз, баарына каршы 4,45 пайыз добуш берилди.

Референдумга шайлоочулардын 39, 74 пайызы катышты.

Белгилей кетсек, президенттик башкарууга өтүүнү көздөгөн Конституциянын жаңы долбоору даяр.

Садыр Жапаровдун айтымында, эми конституциялык кеңешме Жогорку Кеңешке Конституциянын жаңы долбоорун сунуштайт.

«Жогорку Кенеш референдумдун күнүн белгилеш керек. Андан кийин реформалар башталат. Саясый реформалар жайга чейин бүтөт», — деди ал.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика