02:40
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Саат 16.00гө карата шайлоочулардын 26,55 пайызы добуш берди

Саат 16.00гө карата шайлоочулардын 26,55 пайызы добуш берди. Бул тууралуу Боршайком маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 946 миң 104 адам добуш берди. Баарынан Ысык-Көл облусунун тургундары жигердүү катышып, 31,53 пайыз шайлоочулар оюн билдиришти.

Эң аз Чүй облусунун тургундары катышып, 22,39 пайызы гана тилкелерге келишти.

Белгилей кетсек, шайлоочулардын 30 пайызы добуш берген учурда гана референдум өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар