18:37
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Алмазбек Атамбаевге карата дагы бир кылмыш иши сотко берилди

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн дагы бир кылмыш иши сотко түштү. Бул туурасында анын жактоочусу Сергей Слесарев 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатат. Кылмыш иш «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулушуна байланыштуу.

«Буга чейин бул иш боюнча Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов фигурант катары өткөн. Алмазбек Атамбаев боюнча материалдар өзүнчө өндүрүшкө алынды. Кубанычбек Кулматовдун мектеп куруу зарылчылыгы жана аны кытай компаниясынын эсебинен салуу мүмкүнчүлүгү тууралуу катында мурунку өлкө башчысынын «макул» деген визасы турат. Бирок айта кетүүчү жагдай, окуу жайын куруу тууралуу чечимди өкмөт кабыл алган. Визаны Атамбаев койбой кое албайт болчу, анткени бул — кат алмашуу, мамлекет башчы ага келген каттарга жооп берүүгө милдеттүү», — деди Сергей Слесарев.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн бир нече кылмыш иши козголгон, алар 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон иш, коррупция жана кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу иштери.

Эң көп окулган жаңылыктар