02:48
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Шопоков шаарында 20 жашар баланы өлтүрүп кетишти

Сокулук районунун Шопоков шаарында 20 жашар жигитти өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алардын маалыматында, жаш жигиттин сөөгү 30-декабрда шаардын көчөлөрүнүн биринен табылган.

Анын баш мээси сынып, көкүрөк тушу күйүп, тонуп калганы аныкталды.

«Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголду.

Маркумдун өздүгү аныкталып, ал шаардын 20 жаштагы Х.С. аттуу тургуну экени белгилүү болду.

Эң көп окулган жаңылыктар