06:24
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкек мэриясы жолдорду түнү оңдоого каршы

Бишкек мэриясы жолдорду түнү оңдоого каршы. Бул тууралуу муниципалитеттен 24.kg агенттигине билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин шаар тургундары мэрияга жолдордо тыгын жаратпоо үчүн оңдоо иштерин түнү жүргүзүүнү сунушташкан.

Мэриянын айтымында, түнү иштөө «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын кызматкерлери үчүн кооптуу.

«Андан сырткары, шаардагы ишканалар Эмгек кодексин сактап, анда белгиленген мөөнөттө гана иштешет», — дейт мэрия.

Шаар жолдорун түнү оңдоо сунушу Жогорку Кеңеште дагы айтылган. Депутаттар чет мамлекеттерде муниципалитет түнү көп иштерди алып бараарын белгилешкен.

Эң көп окулган жаңылыктар